• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Улуттук банк дагы 3 миллион доллар сатыкка чыгарды

20 Жетинин айы 202010:56 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда бешинчи ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк кечээ, 19-ноябрь күнү валюта рыногуна 3 млн доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 20-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 84 сомдун тегерегинде болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Количество просмотров: 103