• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлге жогорулатты

25 Бирдин айы 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 0,75 пайыздык пунктта жогорулатты. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Улуттук банк башкармасы кечээ, 24-февралда эсептик чен өлчөмүн 75 базистик пунктка 5 %дык деңгээлге чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 25-февралдан тартып күчүнө кирет.

Толкунбек Абдыгулов билдиргендей, Кыргызстанда баа динамикасы орточо деңгээлде өсүүнү көрсөтүүдө. Ушул жылдын февраль айында инфляция жылдык мааниде 3,9 %ды түзгөн. Товарлардын азык-түлүк тобуна баалардын өсүшү баалардын жалпы деңгээлине инфляциялык басым көрсөтүүнү уланткан.

Өлкө экономикасынын өнүгүшү мурдагыдай эле көбүрөөк деңгээлде тышкы экономикалык шарттардан көз каранды бойдон калууда. Кыргызстан соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык жигердүүлүк сакталып турат.

Ал эми глобалдык жана регионалдык азык-түлүк рынокторундагы тенденциялар жакынкы аралыкта акырындык менен жогорулашын улантат.

Количество просмотров: 68