• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Улуттук банк: Валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда

10 Чын куран 2020 15:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жыл башынан бери доллардын курсу сомго карата 11,92% өскөн. Башкача айтканда, 69,5 сомдон 78,8 сомго чейин.

Андан тышкары, Карабаева кошумчалагандай, жыл башынан тартып 10-апрелге чейин Улуттук банк тарабынан 8 ирет интервенция жасалган (126,9 млн доллар).

«Эл аралык резервдин көлөмү учурда 2 млрд 368 млн АКШ долларын түзөт», — деди ал.

Количество просмотров: 76