Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда «Кабар» агенттигиндеги онлайн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.учурда ал кызматкер ооруканада дарыланууда.
«Учурда ал кызматкер ооруканада дарыланууда. Байланышта болгон 40 адам үй карантинине жөнөтүлдү. Алардан анализ алынган. Улуттук банктын башка кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок», — деп билдирди Абдыгулов.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1520га жетти. Анын 1043ү айыгып, он алты киши каза тапты.