• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Улуттук банктын төрагасы канча айлык аларын айтты

23 Кулжа 202116:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айлык акысы 120 миң сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда парламент жыйында Абдыгулов өзү депутат Бактыбек Турусбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бул айлык маяна ага 2014-жылы бекитилген. Ал эми Улуттук банкта 705 кызматкер иштейт.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын 2020-жылдагы иши жөнүндө банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отчёту талкууланды. Абдыгуловдун отчетун буга чейин парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитеттери жактырган.

Количество просмотров: 2012