• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Улуттук энергохолдинг: Туура эмес маалымат тарап жатат, кышында свет өчпөйт

5 Жетинин айы 201918:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз өкмөтү Бишкек, Ош калааларында жана жети облуста электр кубатын пайдаланууга лимит коймокчу. Бул туурасындагы атайы токтом өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Анда министрлик менен ведомстволорго жабдууларды, социалдык объектилерди кышка даярдап, көмүр менен камсыз кылууга буйрук берилген.

Бул жаңылыктан соң коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып, кышында электр энергияга чектөө киргизилеби деген суроолор жаралды.

Ал эми «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» маалымат катчысы бул тууралуу коомчулукка туура эмес пикир жаралып жатканын айтып, жогорудагы лимит жыл сайын эле киргизилээрин кошумчалады. Мындан тышкары ал кышында электр жарыган берүү үзгүлтүккө учурабайт деп билдирди.

Количество просмотров: 83