Бишкек.28.06.2019.Govori.TV.
КРдин Улуттук гвардиясынын аскер кызматкери Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып 2 күндөн бери чуркап келе жатат. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.
Маалыматка ылайык, Улуттук гвардиянын ага сержаты Рапиев ультрамарафонду Улуттук гвардиянын түзүлгөн күнүнүн урматына өткөрүп жатат.
Азыркы учурда Рапиев Ысык-Көлдүн Корумду айылына жеткен, ал эми финиш Чолпон-Атада болмокчу.
«Ага сержант Рапиев дүйнөлүк рекордду (600 км) багындырууну каалаган болчу. Бирок биздин кызматкерибиздин ден соолугу маанилүү. Мындан улам аны финиш кылып Чолпон-Атадан токтоосун айттык. Ал эки сутка бою уктаган жок»,-деп айтылат Улуттук гвардиянын маалыматында.