Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.
Маалым болгондой, Карабаевге массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылган. Ал 19-августка чейин СИЗОдо болот.
Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болгон.