Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча талап кылган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 28-январда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гемотология борборунун дарыгери – 1988-жылы туулган «С.М.П.» кармалган.
«Ал системалуу түрдө онкологиялык оорулууларга жасалган операциялар жана акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган төлөмдөрдү реестерге каттабастан, алар боюнча квитанцияларды бербестен 2000 сомдон 20 000 сомго чейин акча каражаттарын бейтаптардан алып жүргөн. Буга байланыштуу санкцияланган видео байкоонун жүрүшүндө аталган дарыгер тарабынан пара алуунун көптөгөн фактылары (эпизоддору) тастыкталган. Дарыгердин кабинетин тинтүүнүн натыйжасында бейтаптардан алынган 119 000 сом жана 100 АКШ доллары табылып, алынган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери улантылууда.