• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары пневмониядан каза болду

6 Баш оона 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев каза болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.

Маалыматка ылайык, 63 жаштагы Исалиев эки тараптуу пневмониянын кесепетинен каза болгон.

Кошой Исалиев статистика органдарында эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштаган. Ал  1999-жылы өткөн Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак-жай каттоо сыяктуу ири масштабдуу иш чараларды жетектеген, ошондой эле  2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл-чарбалык каттоонун башында туруп, анын жыйынтыгында Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмү республика боюнча биринчи орунду алган.

2013-жылы Кошой Овосбекович Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Башкы эсептөө борборунун башчысы болуп дайындалса, 2014-жылы – мамлекеттик статистиканын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеген.

2019-жылдын февраль айында Кошой Исалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Govori.TVнын эмгек жамааты маркумдун туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 153