• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Улуттук тарых музейи жаңы жылда ачылат

24 Бештин айы 2018 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV

Улуттук тарых музейи жаңы жыл башында ачылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдирди.

Анын айтымында, Тарых музейин оңдоо боюнча козголгон иштер жыл аягында жыйынтыкталат.

«Эгер кылмыштык териштирүүлөр бүтүп калса, жаңы жылда ачабыз», — деди Жаманкулов.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Премьер-министринин буйругу менен Мамлекеттик тарых музейи Түркия Республикасынан берилүүчү жардамдын эсебинен оңдоо тапшырмасы берилген. Келишим боюнча Түркия тарап гранттык каражат катары 15 млн АКШ доллар каражатты 3 жыл ичинде бөлүп берүүсү каралган. Жогоруда аталган гранттык каражаттардын 4 млн АКШ доллардан ашыгы Музейдин тегерек-четин жана ага жанаша аймактарын көрктөндүрүү менен фасаддык бөлүгүн оңдоо иштерине сарпталган.

Музейдин ички бөлүгүн реконструкциялоо жана тийиштүү жабдууларды сатып алуу үчүн Турак-жай жана жарандык курулуш департаментине жалпысынан мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. 569 млн. 477 миң сом бөлүнүп берилген.

Количество просмотров: 17