• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Улуттук университеттин жамааты Жапаровго кайрылды

28 Тогуздун айы 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жалпы жамааты премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Билдирүүдө аталган университеттин ректору Канат Садыковду ээлеген кызмат ордунан бошотуп, анын ордуна профессор Каныбек Осмоналиевди дайындоо аракеттери жүрүп жатканы айтылат.

“Урматтуу, Садыр Нуркожоевич! Бизге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты мындай алмаштырууга каршы экендигин билдирет. Ректор кызматына шайлоо жолу менен дайындоо болорун жана Садыков Канат Жалилович 2017-жылдын май айында көпчүлүк добуш менен Университеттин жамааты тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланганын белгилеп кетебиз. Азыркы учурда ректор К.Ж. Садыковду жумуштан бошонуу арызын жазууга мажбурлап жатышат. Өз кайрылууларыңызда Сиз бардык деңгээлдеги жетекчилерди алмаштыруу жамааттын ой-пикиринин негизинде жүргүзүлөт деп белгилегенсиз. К.О. Осмоналиевге карата белгилеп кетчү нерсе 2017-жылдын январь айында ал Физика жана электороника факультетинин деканы кызматына жарыяланган шайлоого катышып, жааматтын колдоосуна ээ болгон эмес. Бул факты жамаатын К.О. Осмоналиевге болгон ишенбөөчүлүктү көрсөтүп турат. Биздин кайрылуубуздун негизинде Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректорун алмаштыруу аракеттерин токтотууңузду суранабыз. Мындай аракеттер Университеттин жалпы жааматынын жана студенттеринин каршылыгын туудурат»,-деп жазылат кайрылууда.

Количество просмотров: 22