• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

3 Жалган куран 202317:29 Бишкек Govori.TV

Ник Боулер Улуу Британия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп дайындалды. Ал бул кызматта Чарльз Гарреттин ордуна келди. Бул тууралуу падышачылыктын Бишкектеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ник Боулер өзүнүн миссиясын 2023-жылдын июнь айында баштайт. 2020-жылдан азыркы күнгө чейин Киевде иштеп келет. Британ элчилигинде программа бөлүмүн жетектеген.

2017-2020-жылдары оккупацияланган Палестина аймактарында реформа жана коопсуздук тобун жетектеген. 2015-2017-жылдары Кыргызстандагы Эл аралык өнүктүрүү департаментинин директорунун милдетин аткаруучу болгон.

Эске салсак, Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Чарльз Гаррет дипломатиялык миссиясын 2022-жылдын ноябрында аяктаган.

Количество просмотров: 107