• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин жоюлушу тууралуу депутаттардын пикири

7 Бештин айы 2022 15:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинг компаниясы” акционердик коому КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №297 токтомуна ылайык түзүлгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага республикалык бюджеттен компаниянын уставдык капиталына 3,4 млрд сом которулган. Учурда ал каражат банктагы эсеп счетунда толугу менен сакталып турат.

Бүгүнкү күндө КРдин Министрлер кабинети тарабынан аталган коомду жоюу боюнча тийштүү иштер жүргузулуп жаткандыгына байланыштуу, Финансы министрлигинен болүнгөн каражаттын 2,7 млрд сому республикалык бюджетке кайтарылат.

700 млн сому КРдин мыйзам талаптарына ылайык “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясын” жоюуга байланыштуу кредиторлордун талаптарын канаатандырууга жумшалат. Алар:

-Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы кен иштетүгө алынган лицензиялар боюнча 638 млн сом же 97% ашуун суммасы;

-Компания түзулгөндөн тарта иштеп келген кызматкерлердин айлык акысы, компаниянын имаратынын ижарасына төлөөгө болжолу менен 20,0 млн сом жумшалат.
Бул маселеде жоопкерчиликти ким алат? Чыгымдарды ким ордуна коюшу тууралуу депутаттар өз пикирин айтышты.
Бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 171