• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер дагы көтөрүлөбү?

11 Бугу 2023 13:22 Бишкек Govori.TV

Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Ал белгилегендей, 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн.

“23 тыйын – бул анча чоң эмес өсүш, анткени былтыр өлкөдө айлыктар менен пенсиялар көтөрүлгөн. Бул акча бюджетке 2,4 млрд сомго жакын киреше алып келет.

Бул каражатка тармактарды реконструкциялоо, өзүн-өзү изоляциялоочу зымдарга өтүү, трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу пландалган”, — деди Улуттук энергохолдингдин башчысы.

Ал кошумчалагандай, электр энергиясынын тарифи жылына бир жолу гана өзгөрөт. «Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа мындан ары көтөрүлбөйт», — деди Байгазиев.

Количество просмотров: 74