Кыргызстандын Тегирменчилер коомунун жетекчиси Рустам Жунушов «Кыргызстандагы ун мафиясы» деген видеого байланыштуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованы дебатка чакырды. Анын айтымында экс-депутаттын айткандары чындыкка коошпой турганын айткан.
«Ширин Айтматова элге туура эмес маалымат берди. Ошондуктан мен коом туура маалыматты алсын деп аны дебатка чакырдым. Ал «ишкерлер кошумча нарк салыгын чөнтөгүнө салып алышкан» деп айтып атат. Бул экономикалык жактан мүмкүн эмес», — деди ал.
Эске салсак, мурдагы депутат, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова 22-сентябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн мыйзам долбоорун сүрөгөн» деп айыптаган видео жарыялаган эле.
Анда Айтматова «парламенттеги депутаттардын элге каршы чечиминин» бир мисалы катары буудай, ун өндүрүү жаатындагы сүрөөнчүлүк тууралуу баяндаган.