Бишкекте Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа мамыны сүзүп, андан соң кафенин тосмосун жулуп кирип кеткен.
Окуя бүгүн саат 13:00дө болгон. Toyota Advance Элебесов көчөсү менен бара жатып, башкаруусун жоготуп тротуарга чыгып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Патрулдук милициядан билдиргендей, автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө жүрүүдө.