«Унаа» мамлекеттик мекемесинин бир катар филиалдары 19-июлга чейин карантинге жабылган. Бул ишкана айдоочуларга ишеним кат берүү менен алектенбей турганын билдиришти.
Унаага ишеним кат берүү ишин нотариустар аткарат. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы унааны дароо ээсине каттатууга чакырат.
«Айып пул унаанын ээсине жазылгандыктан ишеним кат бербестен дароо каттоодон өткөрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.