• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Унаа турак үйдүн короосун сүзүп, кесепетинен үч адам мерт кетти

22 Баш оона 201914:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жол кырсыгы катталып, үч киши көз жумду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү унаа турак үйдүн короосун сүзгөн, кесепетинен унаадагы үч киши каза болуп, экөө жаракат алды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 14