Күбөлөр тартып калган фото сүрөттөгү чуңкурда буу чыгып жатканы байкалат. Анда айтылгандай унаа токтоп турган жер бир заматта урап түшүп, жер үстүндөгүлөрдү жомоктогу ажыдаар сымал оп тартып кеткен.
Окуя бүгүн, 19-ноябрда Орусиянын Пенза шаарында катталган. Болжолдонгон маалымат боюнча кырсыктан жабыр тарткандар эки адам. Күбөлөрдүн билдирүүсүнө ылайык аңдын ичи толтура кайнак суу болгон. Унаа ичиндеги ал эки адам сыртка чыга албай калып, ошол ысык сууга куйкаланып калышкан. Ал эми куткаруучулар келген убакта баары кеч болуп калганы айтылат.
Учурда аталган факты боюнча укук коргоо тармагы иликтөөлөрүн жүргүзүп жатышканы белгилүү болду.
Айтмакчы буга чейин дагы ушуга окшош окуя Орусиянын Красноярск шаарында дагы катталган. Анда Nissan үлгүсүндөгү автоунаа, жарылган ыссык суу түтүгүнөн улам урап түшкөн чуңкурга түшүп кеткен. Бирок, бактыга жараша анда жабыр тарткандар болгон эмес.
Булак: NazarNews.kg