• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Унаа уурдагандар кармалды

20 Бирдин айы 202111:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекте авто унааны уурдап качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү болжол менен саат 03:30 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Верхный Төкөлдөш” дарегинен ВАЗ-2114 үлгүсүндөгү авто унааны уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Берилген багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен уурдалган авто унааны айдап бара жаткан жеринен 2003-жылы туулган Ж.Н. жана 2000-жылы туулган Ч.Р. аттуу жарандарды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 305