• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Унаадан акча уурдап кеткен жигит изделүүдө

26 Бирдин айы 2020 9:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уурулукка шектүү адам изделип жатат. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 14-январда саат 06:00дө «102» кызматына Жумабек менен Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган «Фиат» үлгүсүндөгү унаадан акча уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобуна К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, таң эрте унаасында уктап жатканда белгисиз адамдар баштыгынан 3 миң сом, 15 миң рубль жана 5 миң тенге акчасын уурдап кетишкен.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө К.Д. 10-январда Москва шаарынан «Фиат» үлгүсүндөгү унаасы менен чыкканын билдирди. Нурдин аттуу жүргүнчүнү кошо алып келип, ал жол акысын Бишкектен берүүнү убадалаган. Алар 14-январда саат 05:00 чамасында Бишкек шаарына келишкен. Кеч болуп кеткендиктен унаада уктап, ойгонгондо Нурдинди таппай калган. Ошондой эле акчасы жоголгонун байкаган.

Тергөө кызматы тарабынан жүргүнчү 1999-жылы туулган М.Н. экени аныкталды. Учурда издөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле башка шектүүлөр болушу мүмкүн экени болжолдонууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 844