• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Унаадан белине чейин чыгып, асманга ок чыгарган жаран айыпка жыгылды

11 Жалган куран 202412:52 Бишкек Govori.TV

Үйлөнүү тойдо унаадан белине чейин чыгып, асманга ок чыгарган жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Окуя Жалал-Абад облусунун аймагында болгон. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 1996-жылы туулган жаран кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Сузак РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

«Ал эми унаанын айдоочусуна ээнбаштык кылгандыгы үчүн 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду»,-деп жазылат маалыматта.

Социалдык тармактарда үлпөт той кортежинде бара жаткан унаалардын ичинен BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын алдынкы терезесинен чыгып, асманга бир нече ирет ок чыгарып, жана авто ээнбаштык жасагандар боюнча видео тасма тараган.

Количество просмотров: 135