• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Унаанын айнегин талкалап, 50 миң сом алгандардын кылмышы видеого түшүп калган

7 Жалган куран 2023 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындауурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-февралда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 9-февраль күнү анын унаасынын каптал терезесин талкалап, ичиндеги 50 миң сому менен телефонун алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектелип 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүлөрдөн жабыркагандарды издеп жатат. 0(702) 169-999 номурларына кайрылсаңар болот.

Количество просмотров: 2378