• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Унаанын артына баллон байлап муз тээп бара жаткан эки бала каза тапты

4 Үчтүн айы 202023:56 Бишкек Govori.TV

Казакстанда автоунаанын артына баллон байлап муз тээп бара жаткан эки бала каза тапты. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-январда Бескаргай облусунда болгон. Анда Nissan Terrano унаасынын 19 жаштагы айдоочусу машинасынын аркасына баллон байлап, ага 2001 жана 2002-жылдары төрөлгөн тааныштарын отургузуп алып айдаган.

«Баллондогу жаш балдар сүрүлүп барып каршы тилкеде келе жатканы унаанын алдына кирип кеткен. Алар алган жаракатынан улам көз жумду», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин төртүнчү бөлүгү («Жол эрежесин бузуу, кылдатсыздыктан өлүмгө алып келүү») боюнча соттук өндүрүш иши башталып, Nissan Terrano унаасынын айдоочусу тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 846