• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Унаанын багажынан табылган эркек кишинин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды

31 Тогуздун айы 201915:36 Бишкек Govori.TV

Денеси унаанын багажынан табылган эркек кишинин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, шектүү жакында колго түшүрүлгөн. 1980-жылы туулган К.Х. аттуу жаран такси кызматында эмгектенип келген. Ал 22-октябрда «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барган эмес. Ал күнү анын жанында ири суммадагы акча болгону маалым болгон.

23-октябрда укук коргоо органдарына Комсомол айылынын тургуну арыз менен кайрылып, агасын табууга жардам сураган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23-октябрда болжол менен саат 20:00 чамасында «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы унаалардын биринин багажынан дайынсыз болуп жаткан 39 жаштагы К.Х. аттуу жарандын денеси табылган. Анын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери болгон. Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон болчу.

Количество просмотров: 31