• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Унаанын” кызматкерлери транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттаган

3 Чын куран 2023 12:07 Бишкек Govori.TV

Караколдо транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттаган “Унаа” мекемесинин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүмүнүн жооптуу кызматкелери бажы кызматынын уруксаты жок транспорттук каражаттарын мыйзамсыз кайра каттаган фактылары аныкталган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Д.Д.Т., М.М.Б. жана А.М.Т. аттуу үч кызматкерге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылыктар боюнча айыптары угузулду.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 90