Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 4 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июнь күнү Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда “Volvo” менен “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.
«Комсол айылында таңкы саат 5: 55те болгон кырсыктын кесепетинен 4 адам тактап айтканда, 3 эркек жана 1 аял каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.
Жерине 4 куткаруучу тартылган. Каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.