• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Унаасы менен бакты сүзгөн айдоочу ооруканада

14 Теке 202011:50 Бишкек Govori.TV

Бишкектин А.Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн түндө саат 01:00дөр чамасында “Тойота Эстима” унаасы бакты сүзгөн.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Д.С. аттуу айдоочу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган. Кырсыктан кийин айдоочу ооруканага жеткирилген. Автоунаа айып аянтчасына киргизилген.

Окуянын келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 108