Бишкекте Улуттук госпиталдын кире беришине унаасын токтоткон айдоочунун айынан тез жардам кызматынын дарыгерлери инсульт болгон бейтапты тез арада ооруканага жаткырууда тоскоолдуктар жаралган. Бул тууралуу борбор калаанын Тез жардам борборунун бейрасмий баракчасында маалымдалды.
«08KG014AIT мамлекеттик номурлуу «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унааны ээси неврология бөлүмүнүн кире беришине токтотуп койгон. Унааны алып салуу өтүнүчүнө эч качан жооп берген эмес. Биз инсульт менен ооруган бейтапты ушул жерден көтөрүп чыгышым керек болчу, бул чоң тобокелчилик. Мен чара көрүүнү суранам «, — дарыгер видеого комментарий берди.