«Видео тартылаардын алдында Гулжайнага чалып, сүйлөшүлгөн, аны кошоорубузду айткам, тамашалап кошо кетейин дегем, макул болгон. Мынчалык резонанс болуп кетет деп ойлобопмун». Мындай пикирин режиссёр Ырыс Жоомартова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилей кетсек ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маекте айдап жүргөн унаасы тууралуу сөз кылып, «меникиндей тулпарга анча-мынча эркектер да жетпей келет» жана алып баруучу, актриса Гүлжайна Атаканова азыркы кезде айдап жүргөн унаасын мен 7 жыл мурун айдагам деген эле.
Мындан соң социалдык тармактын колдонуучулары анын сөздөрүн сынга алышып, айрымдары өздөрүнүн унааларынан тарта үй эмеректерине чейин сүрөткө тартып киригизишкен.
Кошумчалай кетсек, ал учурда айдап жүргөн Toyota Land Cruiser V8 унаасы.