• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Унаасынан 7 килограммдан ашык баңгизат табылган жаран кармалды

19 Бештин айы 2023 17:49 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда баңгизаттарды сатуу каналына бөгөт коюлуп, ири өлчөмдөгү афган тектүү баңгизаттар алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылымш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймактар боюнча Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери менен биргеликте баңгизат каналына бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрдү.

Ыкчам иштин жүрүшүндө алар Жалал-Абад облусунун аймагында белгисиз адамдар баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө сатуу менен алектенип жаткандыгын аныкташкан.

Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги каражаттарын сактоо, ташуу жана сатуу менен алектенген жарандын ким экендиги аныкталды. 2023-жылдын 18-декабрында Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1982-жылы туулган А. Н. айдап бара жаткан «Хонда Фит» автоунаасы кармалган.

Унааны текшерүүдө анын салонунан жалпы салмагы 7 килограммдан ашык болгон 7 баштыкка оролгон баңги каражаттар табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган заттан афган тектүү гашиш баңгизаты экендиги аныкталды.

Баңгизаттарды ири өлчөмдө сатууга шектелип 1982-жылы туулган А. Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Баңгикылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 445