• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Ундун наркы эки эсе кымбаттадыбы? Өкмөттүн жообу

28 Тогуздун айы 20199:16 Бишкек Govori.TV

 Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаеванын  ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Апппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.

Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады. 

2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.

Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады. 

Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт.

Количество просмотров: 326