17-августта Ысык-Ата районунун Биринчи май айылынын эки тургуну көлмөнүн жээгинде мас абалында арак ичишкен. Болжол менен кечки тогуздар чамасында ортодо чыр чыгып, мушташка айланган. Натыйжада 57 жаштагы жергиликтүү тургун оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Денесинде биртоп жери сынып, көзү агып калган.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Я.И. аттуу адамды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.