Бишкек.25.04.2019.Govori.TV.
Уран тоо-кен техникасын экспорттоо башталды. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, талаадагы бардык жумуштар убактылуу токтотулган. Жакынкы күндө бүт техника экспорттолот.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ал жерге барып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, лицензия берилген компания менен таанышып чыгат.
Эске салсак, “ЮрАзия” компаниясы уранды казып алуу Кызыл-Омпол талаасында иштетип жатат. Кара-Балта тоо-кен комбинатында уранды иштеп чыгууну пландап жатышат. Бирок, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургундары долбоорго каршы чыгышып, прьемер-министр атайын комиссиянын корутундусу чыкканга чейин бардык иштерди токтотууга буйрук берген.
Кече жакында журналистерге инвестордун өкүлү Андрей Акимов нааразычылык башталгандан кийин, компания кырдаалды өзгөртүү үчүн баардык ишин токтотту деп билдирген.