«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Урумкан Исиралиева Жети-Өгүздөн келген. 66 жаштагы айымыбыз жергиликтүү кеңештин депутаты.
Ал бул тренингден көптөгөн маанилүү маалыматтарды алганын айтып, өз билим, тажырыйбасын жаштарга өткөрүп берсем деген ниети менен бөлүштү.
«Быйыл жаштар иштесин деп өзүмдүн ишимди өткөрүп бердим. Өзүм бир катар долбоорлор менен иштеп келдим. Ал эми бул тренингден бир топ өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү окудук. Жана муну да жаштарга үйрөтүп кетем», — деди ал.