• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

«Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?»: Сууга түшүп кеткен Абдылдаевдин кызы элден жардам суроодо

2 Теке 201918:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку ирет берген маалыматы боюнча, Көкөмерен суусуна түшүп кетти делген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн 98 куткаруучу издеп жатат.

Мындан сырткары, туугандары жана жергиликтүү тургундар издөө иштерине жардам берүүдө. Ал эми милиция кызматкерлери тергөө иштери менен алек.

Учурда аткаминердин кызы Индира Абдылдаева жакындары менен биргеликте кырсык болгон жайда жүрөт. Ал суучулдардан жана мекендештеринен издөөгө жардам берүүнү суранууда.

«Бул жакта бүт туугандарым, кесиптештерим жана досторум болуп жүрөбүз. Куткаруучулар издешүүдө, бирок суу чоң экен, алар жетишпей жатат. Сууга түшкөнгө дагы суучулдар керек. Бизди түшүрбөйт экен. Бүгүн үчүнчү күн, жок болууда. Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?.. Менин кызымды да таппай жатабыз. Суунун агымы аябай күчтүү экен» — деп кайрылды аткаминердин кызы.

Ал кырсыктаган унаанын ичинде айдоочудан сырткары атасы, апасы, бир тууган иниси жана 8 жаштагы кызы болгонун билдирди.

«Мен кечинде сүйлөштүм эле. Алар таңга маал саат 4тө жолго чыгышкан экен. Келе жатып унаасы менен сууга түшүп кетишиптир. Дагы бир сааттай жүргөндө Суусамырга жетмек экен. Азыр автоунаасын да таппай жатабыз. Анча-мынча сыныктары чыгууда. Атамдын айдоочусунун туугандарынын телефон номери менде жок экен. Байланыша албай жатам, алар да укса келип издөөгө жардам бермек», — деди Абдылдаева.

Ал эми кырсыктын күбөсү, Кызыл-Ой айылыны тургуну Кубатбек Эмилбеков унаа сууга түшкөндөн кийин бир адам сыртка чыгып бир топко чейин барганын билдирди.

«Нива» унаасында беш киши Кожомкулдун мааракесине баратканбыз. Бир жолтандабас бизден ашып өткөн. Айдоочусу уктап кеттиби, эмне болду билбейм, 60 метрдей барып тоо жакты сүздү да, кайра артка бурулуп тумшугу менен сууга түшүп кетти. Унаасы суу үстүнө калкып, ичинен кызыл футболкачан бала чыгып асылып бир топко чейин барды. Дагы эки кишинин башы көрүнгөн. Анан эле суу тартып кетип унаа да, адамдар да көрүнбөй калды. Аларды дароо тартып чыгып, куткарып калууга чамабыз жеткен жок. Азыр суу аябай улуу келип жаткан маал», — деди күбө.

Андан соң кырсыктын күбөлөрү милиция кызматкерлерине кабарлап, ошол жол менен мааракеге келген жумгалдыктарга да айтышкан. Бирок ал күнү издөөгө адам келбегенин белгилейт.

«Тойдон кайтып келе жатып унаасы чыгып калдыбы деп карасак көрүнгөн жок. Аларды издеген адамдар да байкалбады. Анан эртеси ӨКМден келип, кырсык кайсы жерде болгонун сурашты. Эки күндөн бери ошол жакка барып көрсөтүп жатам. Унаанын дөңгөлөктөрү, айрым тетиктери гана чыгып жатат», — деди Эмилбеков.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 28