Бүгүн,7-февралда Жогорку Кеңеште «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын демилгеси менен “Бишкектин экологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө эмне тоскоол болууда?” аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик-муниципалдык органдардын, архитектура кызматтарынын, эл аралык экологиялык уюмдардын, жарандык жана эксперттик коомдордун өкүлдөрү катышты.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эрмек Усубалиев Бишкектин экологиялык коопсуздугун жоюуда мэриянын күчү жетпешин айтты.
«Бул маселени чечүүдө жалгыз мэриянын күчү жетпейт. Анткени бюджеттик каражаты саналуу гана. Ошондуктан мен борбордук башкаруу органдарын да бул маселеге олуттуу кароосу керек»,-деп эсептейм деди .