• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

УТРКнын Көркөм кеңеши түзүлдү

30 Жалган куран 202314:42 Бишкек Govori.TV

УТРКнын Көркөм кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Болотбек Тиллабаев билдирди.

«Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Көркөм кеңешинин курамын бекитип, биринчи отурумун ачып бердим.

Бул кеңештин максаты телерадиоберүүлөрдүн сапатын көзөмөлгө алуу. Эфирге берилип жаткан баардык көрсөтүүлөрдүн маани-маңызынан тарта, анын көркөмдүк, видео жана үн сапаты, журналисттердин жана алып баруучулардын чеберчилик деңгээлдери кароого алынып турат.

Көркөм кеңештин жетекчиси болуп кино жана телережиссер, тажрыйбалуу оператор, көп жылдык тажрыйбага бай Бекболот Айдаралиев дайындалды. Курам төрага жана катчыдан тышкары 11 мүчөдөн турат».-жазды Тиллабаев.

Количество просмотров: 64