• Бейшемби 6 Бугу 2021

Уу коргошунга ууланып, жубайлар ооруканага түштү

21 апреля 2021 в 9:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган жубайлар ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, 20-апрелде Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 61 жана 56 жаштагы жубайлар оор абалда барган. Аларга болжолдуу түрдө аконит же уу коргошундан ууланган деген диагноз коюлган. Алар уу коргошунду көп убакыт бою колдонуп келе жатышканын, өсмө оорусунан улам ууланардын алдында аны көбүрөөк ичип алышканын айтып беришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, ушул эле күнү Улуттук кардиология жана терапия борборуна өтө оор абалда 63 жаштагы жаран түшүп, ага да белгисиз заттан ууланган деген диагноз коюлган. Андан анализ алынып, абалы эмнеден начарлаганы иликтенүүдө. Азыр үч бейтаптын тең абалы турукташты.

Количество просмотров: 3126