• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бейшеналиев: Ооруканаларда уу коргошун мындан ары коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн колдонулбайт

3 Кулжа 2021 17:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы ооруканаларда уу коргошун мындан ары коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Апрель айында Бейшеналиев коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын дарылыкка колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин билдирген. Министр тундурманы президент Садыр Жапаров экөө даярдап, дарыгерлерге дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул окуядан кийин парламентте аны кызматтан алуу демилгесин көтөрүлүп, ал ишке ашкан эмес. Депутаттар Бейшеналиев президенттин жакын адамы экенин жана ага таянып парламентти көзгө илбей, жыйындарга келбей жатканын айтышты. Министр болсо келе албай калганын кызматтык ишине байланыштырды.

Количество просмотров: 142