• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Уу коргошундун лабораториялык изилдөөсү аяктады. COVID-19дан беш бейтап көз жумду

31 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 31-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен беш бейтап көз жумду. Бишкек шаарында төрт жана Ысык-Көл облусунда бир адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 808​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 174 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 729 кишиге жетти. Андан 98 544 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1 696 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 адамдын абалы өтө оор, 446 кишиники оор деп бааланууда.

УУ КОРГОШУНДУ СЫНОО АЯКТАДЫ

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда уу коргошунду колдонуп жүргөндөргө жолугуп сүйлөшөрүн билдирди.

Бул тууралуу ал 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Министр уу коргошунду лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

“Биз уу коргошунду 300-400дөй адамга клиникалык изилдөө өткөрдүк. Уу коргошундун дозасын бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооругандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Биз уу коргошунду лабораториялык изилдөөдөн өткөрдүк. Анын жыйынтыгын алыш үчүн чоң профессор-академиктерге кайрылдык. Алардын жообун күтүп атабыз”.

Депутаттар уу коргошун боюнча лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле аны коомчулукка жарыялап, пропаганда кылганы үчүн министрди сынга алышты. Ушундан улам аны иштен кетирүү маселеси дагы бир жолу көтөрүлдү.

ЭКС-ДЕПУТАТ БЮДЖЕТКЕ 100 МЛН. КОТОРДУ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин 4-чакырылышында «Ак жол фракциясынан депутат болгон ишкер Сергей Ибрагимовдун бизнесине байланыштуу мыйзам бузууларды иликтеп бүттү. Атайын кызмат аудиттин жүрүшүндө эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөнү тууралуу дооматтар ырасталбаганын билдирди. Бирок экс-депутат өз эрки менен мамлекеттик бюджетти колдоо максатында 100 миллион сом которуп берди.

Бул тууралуу 31-майда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Сергей Ибрагимов 2007-2010-жылдары парламенттин депутаты болгон.

Количество просмотров: 265