10-февралдын кечинде УКМК кызматын тапшырып кетип жаткан муфтий Максатбек ажы Токтомушевди «кылмышка шектүү» деп кармады. Ага буга чейин муфтияттын башкы эсепчиси УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча иштин алкагында кармалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы себеп болгон.
Атайы кызматтын малыматы боюнча, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаган.
Өлкөнүн муфтийи коррупциялык иштин алкагында кармалуусу коомчулукту катуу аң-таң кылды.