• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Уюшкан кылмыштуу топторго каршы акция өтөт

9 Тогуздун айы 2020 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 9-октябрда саат 14.00дө уюшкан кылмыштуу топторго каршы «Акыркы үмүт» деп аталган акция өткөнү жатат. Аны жарандык активисттер, саясатчылар уюштурууда.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, акцияга Кыргызстанда үч күндөн бери уланып жаткан кризис себеп болду. Алар уюшкан кылмыштуу топтор абалдан пайдаланып бийликти ээлеп алууга аракеттенип, портфель бөлүштүрүп жатышат деп эсептешет. Ошондой эле криминалдык топтор артындатурган өкмөттү куроо боюнча аракет көрүлүп жатканын айтышып, буга каршылык билдире турган болууда.

«Криминал бүтүндөй өлкөнү колго кармап турат. Депутаттар мыйзамдуу чечимдерди кабыл алуу үчүн ачык жыйынга чогулуудан кооптонуп жатышат. Бизнес менен чет элдик инвесторлорго кысым көрсөтүлүп, журналисттер менен жарандык активисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылууда. Мындайга жол бербөө керек! Өлкөбүздү кара күчтөрдөн тазалайлы! Азыр каршылык көрсөтпөсөк, өмүр бою коркунучта жашап калышыбыз мүмкүн! » деп жазылган уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Митинг Бишкектеги темир жол бекетинин алдында болот.

Количество просмотров: 33