• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Дима» кармалды

18 Бугу 2021 16:23 Бишкек Govori.TV

Алдамчылыкка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБне ишкер арыз менен кайрылган. 2021-жылдын күз айында Б.Н. атуу жаран алдоо жолу менен келишим түзүп, курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батирди алып, аны үчүнчү жакка сатып жибергендиктен, ишкер 25 000 доллар өлчөмүндө материалдык чыгым тарткан.

Аталган факты Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынган.

ИИМдин Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Чүй ОИИББдин кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунда 1981-жылы туулган Б.Н. аттуу жаранды кармашкан. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары, «Дима» каймана аты менен ИИМдин каттоосунда турат.

13-майда Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган.Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам Ленин жана Свердлов РИИБи тарабынан иликтенип жаткан дагы башка алдамчылык фактыларына шектелип жатат.

Ал 2020-жылдын жай айында «Лексус RX 330» үлгүсүндөгү автоунааны «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаага алмаштырып берүүнү убада кылган. Автоунааны алган соң изин жашырып, жабырлануучуга миллион сомдон ашык материалдык зыян кетирилген. Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынган. Андан сырткары, шектүү башка кылмыштарга да дагы тиешеси бар.

Буга чейин Б.Н. жогорудагы факты боюнча кармалган жана сот тарабынан эки айга үй камагына алынган. Бирок ал изин жашырып, мурда көрсөтүлгөн дарегинде жашабай тургандыгы аныкталып, бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

Мындан сырткары, шектүү 2021-жылы эки чет өлкөлүк ишкерди ири суммага алдап кеткен. Жогорудагы фактылар боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Количество просмотров: 196