• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү үй камагына чыкканы депутат Никитенкону кыжырлантты

16 Үчтүн айы 2020 14:18 Бишкек Govori.TV

Бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду сот үй камагына чыгарганы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко парламенттин жыйынында айтып чыкты.

Ал соттун чечимин сынга алып, Жогорку сот буга көңүл бурушу керектигин айтты.

«Сот Ошто «Казак» деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул киши бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жатат. Милиция уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан басымды сезип жатканын айтышууда. Мындай шартта эмне үчүн ушундай чечим кабыл алынды? Жогорку сот буга көңүл буруш керек. Соттордун тартип комиссиясы бул чечим кандай негизде кабыл алынганын текшериш керек. Криминал менен реалдуу күрөшүүгө убакыт келди», — деди Никитенко.

Количество просмотров: 270