• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

В. Путинди Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

13 Кулжа 201919:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Ушул жерде эки мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишине кубанычтуу экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады жана мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болоорун канааттануу менен баса белгиледи.

Ал эми, Россия Президенти Владимир Путин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги жыйыны эл аралык күн тартибиндеги маанилүү иш-чара экенин белгилеп, Путин Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди.

Количество просмотров: 13