Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин түз байланышта жалпы элдин жана журналисттердин суроолоруна жооп берет. Түз эфир Москва убактысы боюнча күндүзгү саат 12.00 башталат.
Алдын ала маалыматтар боюнча суроолорду жана кайрылууларды кабыл алуу борборуна миллиондон ашык кат келип түшкөн.
Түз байланышка даярдык бүттү. Студия тарыхый мааниде жасалгаланган. Анын ичинде 15 камера жүздөгөн метрлик чубалгылар орун алды. Адистер бул эфир аркылуу орусиялык телекоммуникациянын бекемдигин текшерип алууга мыкты уникалдуу ТВ-формат экендиги айтылууда. Ал эми, суроо берүүчүлөрдү саны абдан көп, андыкта эфирдин жүрүшүндө өтө ашык жүктөм болору болжолдонууда.
Жыйынтыктоочу техникалык даярдыктар ийне жибине чейин текшерилди. 100дөн ашык орундуктар коюлду.
Жарык коюу боюнча адис Алексадр Синичев студияга 125 данимикалык прибор коюлганын айтты.