• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Валентина Шевченко UFC уюмунун рейтингинде дагы бир сапка жогорулады

26 Аяк оона 201910:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко UFC уюмунун рейтингинде дагы бир сапка жогорулады. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында жарыяланды.

UFC уюмунун эң жеңил салмагындагы чемпиону Шевченко тизмеде 11-орунга жайгашкан. Андан кийинки орунга ирландиялык Конор Макгрегор илинген. Тизменин сап башында орточо оор салмак чениндеги чемпион Джон Джонс турат.

Саптын экинчи орунунда россиялык Хабиб Нурмагомедов жайгашкан.

Ал эми, Шевченкого чакырык таштаган Генри Сехудо үчүнчү орунда турат.

Количество просмотров: 90