Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченконун кезектеги беттеши 8-февралда өтөт. Бул тууралуу «ESPN» басылмасы өздүк булактарга шилтеме берүү менен билдирди.
Кыргызстандык мушкер америкалык Кэтлин Чукагян менен күч сынашат.
«Бул номурдук окуя болот. Бирок анын аталышы кандай болору азырынча белгисиз. Эгерде Конор Макгрегор 18-январда кайтып келүүнү чечсе, февралдагы шоу UFC 247 деп аталат. Болбой калса UFC 246 деген аталышта калат», — деп айтылат маалыматта.
11-августта Уругвайдын Монтевидое шаарында «UFC on ESPN+14» турнири өткөн. Турнирдин башкы беттешинде Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармуш (13-6) менен күч сынап, чемпиондук курун коргоп калган болчу.
Ал эми К.Чукагян бул жылы Жоанн Колдервуд менен Жениффер Майяны жеңип алган.